Кытай 70 жылдыгына карата тарыхтагы ири аскерий парад өткөрдү. Видео

Жазылуу
Пекинде бүгүн, 1-октябрда, Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына карата өлкөнүн тарыхындагы ири аскерий парад өттү.

Расмий иш-чара Кытайдын борборундагы Тяньаньмэнь аянтында болуп, жергиликтүү CGTN телеканалы парадды түз эфирде көрсөттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: кыргыз-кытай өнөктөштүгүн кеңейтүүгө бардык аракетимди жумшайм
Бул аскерий парад акыркы ондогон жылдардан берки эң ири иш-чара болуп эсептелет. Ага 15 миң аскер, 150дөн ашык учак, 580 танк жана башка аскерий техникалар катышкан.

Парадга Кытайдын президенти Си Цзиньпин "Кызыл туу" лимузини менен келди. Мамлекет башчысы негизги аянтта сүйлөп жатып, дүйнөдөгү бир дагы мамлекеттин кытай улутунун өнүгүшүн токтотууга күчү жетпей турганын белгиледи.

Кытай парадда өзүнүн жаңы континенттер аралык баллистикалык DF-41 ракетасын көрсөттү. Бул ракета АКШ жана анын союздаштары тарабынан чыгарылган ракетадан коргонуучу аппараттарды талкалай алат.

Кытай Эл Республикасы 1949-жылдын 1-октябрында түзүлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0