Кыргызстандык алты жашар кыз калыстарды жашытты. Видео

Жазылуу
Альбина анын үч жашар иниси бар экенин, ал абдан шок болгондуктан апасынын телефонун жетинчи кабаттан ыргытып жибергенин калыстарга айтып берип күлдүргөн.

Central Asia Got Talent телешоусуна катышкан алты жашар Альбина Койкелова россиялык акын Лариса Рубальскаянын "Пойду за счастьем на базар" аттуу ырын көркөм окуп, калыстарды жашытты.

Анын видеосу телешоунун YouTube каналында жарыяланды. 

"Шоунун катышуучусу өзүнүн жаш экенине карабай жашоого болгон көз карашы абдан чоң жана философиялуу. Ал ырды көркөм окуп берди. Калыстардын жүрөк кагышы катуулады. Ар бир киши муну сөзсүз көрүшү керек", — деп жазылат видеонун алдында.

 Участница танцевальной группы Тумар Самыйбек кызы Адина - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес
Альбина анын үч жашар иниси бар экенин, ал абдан шок болгондуктан апасынын телефонун жетинчи кабаттан ыргытып жибергенин калыстарга айтып берип, күлдүргөн.

Central Asia"s Got Talent шоусу Казакстанда өтүп жатат. Ага жергиликтүүлөрдөн тышкары Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жашоочулары жаш курагына, кылган ишине карабастан талантын көрсөтүп жатышат. Учурда программанын биринчи сезону тартууланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0