Кишини тоготпой оттогон тоо текелер. Кыргызстандагы керемет көрүнүштүн видеосу

Жазылуу
Видеодон кишиден беш метр эле ары жакта эч нерседен коркпой оттоп жүргөн тоо текелерди көрүүгө болот.

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасына кишиден коркпой оттоп жүргөн тоо текелердин видеосун жарыялады.

"Достор, карагылачы, мен кандай мамлекетте жашайм. Тоого чыксаңыз кишилерден коркпогон тоо текелерди көрөсүз. Мына ошондуктан жаныбарларды сүйүп, аларды атпаш керек. Бул жаныбарлар кишилерден коркпойт. Себеби мага окшогон альпинисттер көп. Аларга эч ким тийбейт, коркутпайт. Тескерисинче, таттууларды берет, алар кишилерге ушунчалык көнүп калгандыктан беш метр ары жакта эле жүрөт", — деп жазды ал.

Карыпбеков видео 28-сентябрда тартылганын айтты.

Ала-Арча капчыгайынын төрүндө кишилерден чочулабай жайылып жүргөн 30дай кийиктин видеосун көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0