Казакстандагы кызгылтым көлдүн көз талдырган кооздугу. Видео

Жазылуу
Казакстанда Көбейтуз деп аталган кызгылтым көл көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп келет. Бул жай Казакстандын борбору Ну-Султан шаарынан көп алыс эмес.

Көбейтуз — талаанын ортосунан орун алган жана абдан туздуу көл. Анча терең эмес, ал эми суунун ичиндеги туз менен баткактын ден соолукка пайдалуу экенин айтышат. Жомоктогудай көл тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Көлдүн учурда күндүн ар кыл маалына, аба ырайына жараша кызгылтым түстөн тарта сирень гүлүнүн өңүнө окшошо өзгөрүп турганын көрүүгө болот. Алыстан караган адамга башкача бир сонун, жомоктогудай көрүнөт.

Адистер көл мындай кызгылтым түскө 10 жылда бирден оронуп турарын, кээде жай абдан ысык болгондо мындай көрүнүш сөзсүз кездешерин айтышат. Бирок мындай кооздук көпкө созулбайт…

Невероятно красивое видео о природе Кыргызстана представил итальянец - Sputnik Кыргызстан
Бах, чиркин! Италиялык сүрөтчү Кыргызстандын ажайып кооздугун видеого тарткан
Окумуштуулар суунун өңү планктондон — агымга каршы тура албаган, сууда эркин сүзүп жүрүүчү майда организмдерден улам жогорудагыдай абалга келерин айтышат. Алар туздуу сууда жашоочу бир клеткалуу Дуналиелла жашыл балырлары дешти.

Кызгылтым жана сирень түсүнө боелгон көл быйыл жайда туристтерди өзүнө тарткан. Көптөр чын эле ушундай суу бар экендигин көрүүгө, бир даары кечип көрүп, чын-бышыгына жетүү үчүн келишет экен.

Ал эми күн сууп, кыштын кириши менен көл жомоктогудай сулуулугун жоготуп, кадимки калыбына кайтат дешти.

Жергиликтүү эл мындай ажайып жерин чоочун көздөн, чоочун сөздөн сактоо үчүн башкаларга өтө деле көп айта беришпейт. Алар туристтердин саны арбып кетсе, суунун тегереги таштандыга толуп, аймак тебеленип-тепселип калат деп сак-сактап турушарын айтышты.

Айтмакчы, мындай кызгылтым көлдөр дүйнөдө саналуу. Алардын арасында Австралиядагы Хиллиер, Сенегалдагы Ретба, Испаниядагы Торревьеха көлдөрү бар экен.

Туздуу суу демекчи, Кыргызстандагы Тоң районунун аймагында да туздуу көл бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0