Нокаутка кеткен мушкер "жеңүүчү" болуп ойгонгондо. Видео

Жазылуу
Кикбоксчулар Хаким Кетаиб (Франция) менен Хосе Мари Кеведонун (Испания) беттеши күлкүлүү окуя менен аяктады.

Видео YouTube спорттук каналына жүктөлгөн.

Р-Спорт агенттигинин жазганына караганда, беттештин экинчи раундунда француз мушкери каршылашын нокаутка кетирген. Кеведо ойгонгондо "жеңдим" деп ойлоп кубанып кеткен. Ал ориентир ала албай рингден чыгып, элди көздөй басып жөнөгөн.

Комментаторлор нокаут Кеведону "башка дүйнөгө" жөнөткөнүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0