БУУда сүйлөп элди ыйлаткан кыздын артында бирөө турабы? Видео

Жазылуу
Швед окуучусу Грета Тунбергдин ысымы дүйнөлүк ЖМКлардын биринчи бетинен түшпөй, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Градусник установленный в Бишкеке в рамках климатического фестиваля Климат для жизни - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1960-жылдан бери абанын температурасы канчага өскөнү айтылды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат жөнүндөгү саммитинде 16 жаштагы активист экология боюнча элди ойго салган кептерди айткан. Эми президенттер дагы ал жөнүндө постторду жазып, 2050-жылы көмүр казууну токтотууга убада беришүүдө.

Грета Нью-Йоркко экологияга зыяны абдан төмөн кеме менен барган. Активист өзү дагы, ата-энеси дагы учактарга отурбайт.

Анткен менен социалдык тармактын колдонуучулары кыздан шек санашууда. Грета Тунберг — глобалдык максаттар үчүн пиар-долбоор болушу ыктымалдыгы айтылууда. Анын артында АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гор турушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0