Баламды караладыңар! Атамбаевдин жан сакчысын соттон алып чыккан видео

Жазылуу
Мурдагы өлкө башчынын жан сакчысы 8-октябрга чейин №1 тергөө абагына калтырылды. Сагымбаевди сот залынан алып чыгып бара жаткан видео Facebook тармагына жүктөлдү.

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында болот.

Сагымбаевди сот залынан алып чыгып бара жаткан видео Facebook тармагына жүктөлдү. Анда анын жакындары жана энеси ыйлап, уулу менен коштошуп, бийликке нааразычылыгын айтышкан.

"Туура эмес чечим, таптаза баланы каралаган туура эмес чечим! Ким ишенет анан өкмөткө?!" — деп ыйлаган Сагымбаевдин энеси.

Конвойлор жан сакчыны унаага отургузарда жакындары менен коштошуп алууга уруксат берген. Ал энеси менен кучакташып, аларды кайраттуу болууга чакырган. Сагымбаев өзүн токтоо алып жүргөнүн байкоого болот.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду
Эске сала кетсек, Канат Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") иш козголгон.

Сагымбаев Атамбаев кармалганга чейин аны кайтарып жүргөн. Жан сакчы болуп мамлекет тарабынан бекитилген. Мыйзамга ылайык, президент кызматын тапшырып бергенден кийин ага мамлекет жан сакчы дайындап бериши керек.

Бул окуяга чейин 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген. Сагымбаев ошол учурда Атамбаевдин жанында жүргөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0