Чыр чыккан Максат айылында кыргыз-тажик жаштары футбол ойноду. Видео

Жазылуу
Максат айылындагы чек арага жакын жайгашкан футбол аянтчасында 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кагылышуудан кыргыз тараптан бир, тажик тараптан үч чек арачы каза болуп, ондогон киши жаракат алган.

Лейлек районунун Максат айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Бободжон Гафуров районунун жашоочулары 23-сентябрда футбол ойношту.

Беш кишиден турган эки команданын беттешүүсү 1:1 эсеби менен аяктады.

Белгилеп өтсөк, Максат айылындагы чек арага жакын жайгашкан футбол аянтчасында 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кагылышуудан кыргыз тараптан бир, тажик тараптан үч чек арачы каза болуп, ондогон киши жаракат алган болчу. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0