Кой-Таштагы окуя боюнча мамлекеттик комиссия жыйынга чогулду. Видео

Жазылуу
Комиссиянын буга чейинки жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү көрсөтмө берген.

Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия кезектеги жыйынга чогулду. Алардын отуруму өкмөт үйүндө өтүп жатат.

Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Андан сырткары, Аскер прокуратурасынын да маалыматы угулары айтылууда.

Комиссиянын буга чейинки жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Турусбек Коёналиев, ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев көрсөтмө берген.

Кой-Таш окуясы

Присяга новых членов Правительства в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү
7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, ал ишке ашпай, атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта кечке маал укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө күч менен кирип, мурдагы президент багынып берген.

Эки күндө болгон окуялардан 136 киши ар кандай жаракат алышкан. Кийин Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын бир нече тарапташы кармалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0