АКШда жигит сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө сурагандан кийин каза болуп калды

Жазылуу
Кыз айнек бөлмөнүн ичинен океандын кооздугуна суктанып жатканда жигити сүзүп келип, шакекти көрсөтүп колун сураган.

АКШнын тургуну Стивен Вебер Танзанияда эс алып жүргөн учурда сүйлөшкөн кызынын колун өзгөчө ыкма менен сурап, бирок каза болуп калды. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Вебер сүйлөшкөн кызы Кенеша Антуан менен кантип эс алганы тууралуу чакан видео тарткан. Алардын ижарага алган бөлмөсүнүн бир бөлүгү айнектен жасалып, суу алдында болгон.

Кыз бөлмөнүн ичинен океандын кооздугуна суктанып жатканда жигити айнекке сүзүп келип, шакекти көрсөтүп колун сураган.

"Мен сени канчалык жакшы көрөрүмдү санап берүү үчүн дем жетпейт. Сага болгон сүйүүм күн санап өсүүдө", — деп баракка жазып алган.

Кенеша видеону өзүнүн Facebook баракчасына жайгаштырып, бул күн ал үчүн эң оор болгонун жазган. Себеби сүйүктүүсү суудан чыкпай калган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0