Россиянын Кыргызстандагы элчиси: көк бөрүгө кызыгам, ал күчтүү адамдардын оюну

Жазылуу
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кыргыздардын оюндарынын ичинен көк бөрүгө өзгөчө кызыгарын айтты.

Элчи мындай пикирин 20-сентябрда Россиянын жардамы менен ишке ашкан "мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу" долбоору менен таанышуу үчүн Таласка барганда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Спорттун бардык түрү жагат. Анын ичинен мага көк бөрү өзүнүн болуп көрбөгөндөй энергетикасы менен өзгөчө таасир берет, бирок аябай коркунучтуу болот. Чынын айтсам, бул спорт кан-жанын аябай ойногон чыныгы күчтүү адамдар үчүн", — деди элчи.

Комуз менен домбраны бириктирип чертип... Көчмөндөр оюндарындагы кызыкдар - Sputnik Кыргызстан
"Манас Ордого" 300 боз үй тигилди. Көчмөндөр оюндарынан кызыктуу кадрлар
Ошондой эле ал эгер мүмкүнчүлүк болсо өзү да көк бөрү ойноп көрөрүн белгиледи.

"Аракет кылып ойноп көрүш керек, бирок жанымда даярдыгы жакшы адамдар карап турушу зарыл.
Анткени дароо эле мелдешке чыгып кетүү кыйын. Ал үчүн даярдык керек. Ал эми көргөнү жан дилим менен барам", — дели Удовиченко.

Россиянын элчиси эртең "Манас Ордодо" өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын көрүүгө барарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0