Бул күндү 10 жыл күткөм! Тыныбекованын жеңишинен кийинки видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште болгариялык Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде утуп алды.

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова бул жеңишин Кыргызстанга арнай турганын беттештен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Буга машыктыруучум менен он жыл бою аракет кылдык. Мына ошол күнгө да жеттик. Бул жеңишимди мекениме, күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга арнайм", — деди Тыныбекова.

Кыргызстандык балбан кыз финалдык беттеште болгариялык Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде утуп алды. Ага чейин төрт кармаш өткөрдү.

Чемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекованын финалга чейинки жолу. Беттештердин толук видеосу
Алгачкы беттешинде мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны ишенимдүү түрдө утту. Эсеп 8:0 болгон. 8/1 финалда япониялык Юкако Каваинин далысын килемге тийгизип, таза жеңиш менен жеңүүчү болду. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен жеңип, Олимпиада оюндарына лицензия алган. Мелдештин жарым финалында түндүк кореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен жер караткан.

Дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу мелдеш болуп эсептелинет. Азырынча Тыныбековадан тышкары лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков ала алды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0