Антилопа музоосуна кол салган чөөлөргө сес көрсөтүп... Жүрөк тилген видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер паркында туристтер бир нече чөө антилопанын жаңы туулган баласына кол салып жатканына күбө болушкан.

Видео белгилүү Kruger Sightings YouTube-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда көрүнүп тургандай, эки жырткыч кезеги менен музоого кол салса, энеси сес көрсөткөн. Антилопа чөөлөрдү кубалайм деп өз баласын бир нече ирет челип алган.

"Биз музоо баары бир өлүп калат го деп ойлоп, аягына чейин тартканга жүрөгүбүз чыдабай койду. Мен көзүмө жаш алдым... Эч жардам бере албай турганыңды билген оор тура. Жапайы жаратылышта тиричилик кылуунун мыйзамы ушундай экен. Жооткото турган нерсе — чөөлөр дагы баласын багышы керек деген ой болду", — деген автордун видеосу Жейми Леттс.

Мындан тышкары, антилопанын ач арстандардын азуусунан аман калган видеосун көрсөңүз болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0