Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери тыгын түйшүгүн жаратты. Видео

Жазылуу
Автотыгында туруп кыйналган шаардыктар ноябрга чейин чыдашы керек. Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери 30-октябрга дейре созулат.

Бишкектеги Москва көчөсүнө жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ремонт дорог в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автожолдорун калыбына келтирүү" гранттык долбоордун алкагында ишке ашууда. Бул долбоор менен калаадагы 23 көчө оңдолду. Башында Москва көчөсүн оңдоо планга киргизилген эмес. Бирок долбоордун биринчи фазасынан каражат үнөмдөлгөндүктөн Бишкек мэриясы аны Москва көчөсүн оңдоого жумшоону өтүнгөн.

Москва көчөсү борбор калаанын чок ортосунан өткөндүктөн анын оңдолушу менен бир катар ыңгайсыздыктар жаралып, башка жолдордо ири автотыгындар пайда боло баштады. Киев, Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрү машиналарга жык толду. Социалдык тармактын колдонуучулары Бөкөнбаев менен Токтогул көчөлөрүн убактылуу эки тараптуу кылууну сунушташууда. Бирок мэрия Twitter баракчасы аркылуу андай кылуу мүмкүн эместигин жазды.

Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери 30-октябрга дейре созулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0