Кемпирди троллейбустан кууп чыккан айдоочу кайрылуу жасады. Видео

Жазылуу
Троллейбус башкармалыгынын кызматтан алынган айдоочусу жасаган кадамы үчүн өкүнө турганын, бирок ага барууга аргасыз болгонун айтты.

Карыган аялдын түшүп кетүүсүн талап кылып, кызматтан алынган №11 троллейбустун айдоочусу жасаган аракети үчүн кечирим сурады.

Буга чейин Instagram социалдык тармагында троллейбустун айдоочусу кемпирди колундагы баштыгы сасып жатканын айтып, жерге түшүрүп салган видеосу тараган болчу. Ал боюнча мэрия чара көрүп, айдоочуну иштен алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🚂🚔🚒🇰🇬Официальный Аккаунт🇰🇬🏎🚙🚘🏍 (@autotrade.kg)

YouTube каналда иштен алынган айдоочунун кечирим сурап жаткан видеосу тарады.

Анда ал жасаган аракети үчүн коомдон кечирим сурап, окуя кандайча болгонун айтып берген. Ага троллейбустагы кош бойлуу келин кайрылып, сасык жыт келип жатканын айткан. Айдоочу троллейбусту токтотуп, салондогуларга кайрылган.

"Троллейбустун ичи чындап эле сасып кетиптир. Мен кемпирди түшүп кетиңиз дедим, себеби андан жаман жыт чыгып жаткан. Аны түшүп кетиңиз деген ыңгайсыз болду, бирок аны айтууга туура келди. Мен андан кечирим сурайм. Кылганыма өкүнөм. Анын айынан жумушсуз калдым", - деди ал.

Айдоочу бул болуп өткөн окуяны турмуштун сыноосу катары кабыл аларын кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0