Өлүмдөн калды! Шаркыратманын үстүндөгү кыз кулаганын видеого тартып алган

Жазылуу
Гаваиде эс алып жүргөн 27 жаштагы Хизер Фримен аз жерден өмүрүнөн айрылып кала жаздады. Ал шаркыратмага келгенде кокусунан буту тайып кетип бийиктен кулап түшкөн.

Волейбол боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону Жаклин Карвальо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада чемпиону түз эфирде маек куруп жатып эсин жоготту. Видео
Турист кыздын башында GoPro камерасы болгондуктан окуя баштан-аяк видеого тартылып калган. Бул учур ViralHog YouTube-каналына жарыяланды.

Кадрдан кыз шаркыратманын үстүнө чыгып, жаратылышка суктанып турганын көрүүгө болот. Бир маалда анын буту тайып кеткен да, таштарга ары-бери урунуп, тайыз суунун үстүнө түшкөн. Мунун кесепетинен 10 кабыргасы жана далысы сынганы айтылат.

Жаракат алган туристти тик учак менен ооруканага алып кетишкен. Фримен мурда ал шаркыратмадан кулаган адамдар каза болгонун айтып, мында "мени Кудай өзү сактады" деп жазган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0