03:33 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Видео

АКШ 11-сентябрь курмандыктарын эскерип, көккө карай эки жарык жандырды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
169 0 0

Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. USA Today гезити иш-чара учурундагы видеону өзүнүн Youtube-каналына жүктөдү.

Инсталляцияны шаардыктарга күн батары менен ачып беришти. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду.

Мындан он сегиз жыл мурда "Аль-Каида" террордук уюму АКШда төрт учакты ээлеп алып, алардын экөө Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода уюму жайгашкан эгиз мунараларга келип урунган.

Трагедиядан 2977 адам көз жумган. Алардын 343ү өрт өчүрүүчүлөр, 60ы полиция кызматкери болгон.

Терактыда каза болгондордун ичинде 19 террорчу болгону, алардын 15и Сауд Аравиясынын, экөө бириккен Араб Эмирлигинин, бирөө Египеттин, бирөө Ливандын жараны экени аныкталган.

Жыл сайын 11-сентябрь күнү АКШда патриоттор жана сыйынуу күнү белгиленет. Мында өлкө боюнча бардык федералдык имараттарда желектер түшүрүлүп, террактынын курмандыктары эскерилет.

Тема боюнча

Иран АКШнын 11-сентябрь боюнча компенсация төлөтүү чечимин сынга алды
Белгилер:
инсталляция, эскерүү күнү, терроризм, Нью-Йорк, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ