Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу

Жазылуу
Бул жер Lexus менен Tоyota унааларын саткан базар эмес. Бул — Жогорку Кеңештин унаа токтотуучу жайы. Sputnik Кыргызстан эл шайлаган депутаттардын автоунаалары менен тааныштырат.

Эки күн бою эртең менен Ак үйгө барган кабарчы эл өкүлдөрү кандай унаада жүрөрүнө байкоо салды. Анда көпчүлүгү Lexus жана Tоyota компаниясына таандык жолтандабастарды айдай турганы белгилүү болду. Ал эми наркы боюнча караганда алды 100-120 миң долларга жетип барат. Мындай кымбат автоунаалардын ээси Алмасбек Акматов, Төрөбай Зулпукаров, Тазабек Икрамов жана Азизбек Турсунбаев. Арасында жупуну жүргөн депутаттар да бар, мисалы, Сайдулла Нышанов 3100 евролук Toyota Yaris үлгүсүндөгү машина айдайт. Жанар Акаев болсо күйүүчү майды аз ичип, күндөн энергия алып жүргөн Toyota Prius унаасы менен жүрөт. Анын баасы 10 миң доллардын тегерегинде.

Кээ бир депутаттар ар кандай себептер менен досунун же тууганынын автокөлүгүн айдап жүргөнүн айтышты.

Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу - Sputnik Кыргызстан
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
Айрымдары автоунаасынын баасын ачык айтса, кээ бири журналисттин суроосун четке кагып кетти. Дагы башкасы өзү отуруп келген жолтандабасты канчага алганын билбей койду. Мындан улам автоунаа саткан сайттардан карап, болжолдуу наркын, чыккан жылын билгенге аракет кылдык.

Муну менен катар эл өкүлдөрүнүн киреше жана чыгашасы боюнча 2017-жылкы декларациясын ачып көрдүк. Биздин кадрга 24 депутаттын унаасы илинген. Анан ошол документтеги маалымат менен кадрга түшкөн автоунааларды салыштырдык.

Натыйжада эки жыл мурунку декларациясына "жөө жүрөм" деп жазган депутаттар жумушка жолтандабас менен келгени көрүндү.

1. Чыныбай Турсунбеков жумушка 2013-жылы чыккан Lexus LX 570 автоунаасы менен келди. Анын баасы 100 миң доллардын тегерегинде.

Декларацияда Mercedes-Benz 313 CDI көрсөтүлгөн. Жакын туугандарынын Toyota RAV4 үлгүсүндөгү эки машинасы бар.

2. Эмил Токтошев 2010-жылы чыккан 30 миң долларлык Lexus LX 570 унаасын айдап келди.

Декларациясында Mercedes-Benz 811 үлгүсүндөгү унаа жазылган, жакын туугандары Lexus RX 330 айдайт.

3. Алмасбек Акматовдун автоунаасы 2017-жылы чыккан Lexus LX 570. Баасы 120 миң доллардын тегерегинде.

Декларациясында дагы ушундай үлгүдөгү автоунаа көрсөтүлгөн. Жакын туугандарынын машинасы жок.

4. Улугбек Ормонов 2011-жылы чыккан Lexus LX 570 менен келип, баасы 40-50 миң доллар экенин айтты.

Декларациясында үлгүсүн толук жазбай Lexus деп эле койгон. Жакын туугандарында машина жок.

5. Кожобек Рыспаев отуруп келген Lexus LX 570 2010-жылы чыккан. Баасы 45 миң доллар.

Декларациясында дагы ушундай үлгүдөгү унаа көрсөтүлгөн. Жакын туугандарында унаа жок.

6. Элвира Сурабалдиева 2018-жылы чыккан BMW X5 автоунаасын айдап келди. Баасы 50 миң доллар.

Декларациясында өзүнө да, жакын туугандарына да таандык машина жок экени айтылат.

7. Төрөбай Зулпукаров 2016-жылы чыккан Lexus LX 570 менен жүрөт. Баасы 100 миң доллардан жогору экенин айтты.

Декларациясында өзүнүн жана жакын туугандарынын бирден автоунаасы бар. Бирок үлгүсү жазылган эмес.

8. Нурбек Алимбеков 2015-жылы чыккан Lexus LX 570 автоунаасын айдап келди. Баасы 45-50 миң доллар.

Декларациясында өзүнүн машинасы жок. Жакын туугандары Lexus 570 жана Toyota Corolla айдайт.

9. Пархат Тулендыбаевдин автоунаасы 2008-жылы чыккан 25 миң долларлык Lexus LX 570.

Декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да автокөлүгү жок деп көрсөтүлгөн. 

Бирок материал чыккандан кийин Тулендыбаевдин жардамчысы Салык кызматы ката кетиргенин айтып, тапшырган декларациясынын көчүрмөсүн редакцияга алып келди. Анда Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаасы көрсөтүлгөн.

10. Дастан Бекешев жумушка 2007-жылы чыккан Toyota Camry менен келди. Баасы 8000 доллардын тегерегинде. Ал мамлекет тарабынан берилген кызматтык автоунаа.

Декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да автоунаасы жок экени көрсөтүлгөн.

11. Руслан Казакбаев бүгүн такси менен келгенин айтып, өзүнүн 22 миң долларлык унаасы бузулуп калганын билдирди.

Декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да машинасы жок.

12. Умбеталы Кыдыралиев 2003-жылы чыккан Lexus ES менен келди. Баасы 6000 доллардын тегерегинде.

Декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да автоунаасы жок.

13. Курманкул Зулушев 2015-жылы чыккан Toyota Avalon унаасынан түштү. Баасы 12 миң доллар.

Декларациясында Toyota унаасы бар экенин көрсөтүп, үлгүсүн так жазган эмес. Жакын туугандарында унаа катталган эмес.

14. Тазабек Икрамов 2018-жылы чыккан Lexus LX 570 менен келди. Мындай жолтандабастын баасы 100 миң доллардын тегерегинде.

Декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да автоунаасы жок.

15. Алмазбек Баатырбеков айдап келген Lexus LX 570 2015-жылы чыккан. Баасы 45-50 миң доллардын тегерегинде.

Декларациясында өзү унаа айдабайт. Жакын туугандарында Lexus RX 300 бар.

16. Махабат Мавлянова 2008-жылы чыккан Lexus LX 570 менен жумушка келди. Баасы 25 миң доллардын тегерегинде.

Декларациясында Honda Civic унаасына ээлик кылат. Жакын туугандарында жок.

17. Депутат Азизбек Турсунбаев 2016-жылы чыккан Lexus LX 570 менен келди. Баасы 80 миң доллардын тегерегинде.

Декларациясында өзү бир да мүлккө ээлик кылбайт. Жакын туугандары Toyota Land Cruiser жана Lexus 470 айдайт.

18. Адыл Жунус уулу 2009-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 200 менен жүрөт. Баасы 20 миң доллар.

Декларациясында өзү Lexus GX470, жакын туугандары Mercedes-Benz 280 үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат.

19. Алтынбек Сулайманов отурган унаанын баасы 45 миң доллар. Үлгүсү 2017-жылы чыккан Mercedes-Benz S-Class W222.

Декларациясында Lexus LX унаасын көрсөткөн, жакын туугандарында жок.

20. Закир Шарапов 2008-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 200 менен жүрөт. Баасы 29 миң доллар.

Декларациясында өзүнүн унаасы жок, жакын туугандары Toyota Land Cruiser айдайт.

21. Гүлкан Молдобекова 2012-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабастан түштү. Баасы 30 миң доллардын тегерегинде.

Декларацияда өзүнүн да, жакын туугандарынын да автоунаасы жок экени көрсөтүлгөн.

22. Кубанычбек Жумалиев 2007-жылы чыккан Lexus GX 470 менен келди. Баасы 12 миң доллар.

Декларациясында Lexus деп көрсөткөн, жакын туугандарында жок.

23. Жанар Акаев 2016-жылы чыккан Toyota Prius менен келди. Баасы 10 миң доллар турарын айтты.

Декларациясында өзүнүн жана жакын туугандарынын автокөлүгү жок.

24. Сайдулла Нышанов 2010-жылы чыккан 3100 евролук Toyota Yaris унаасын айдайт.

Отчет премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме
Декларациясында Lexus LX 570 жолтандабастын ээси. Жакын туугандары Toyota RAV4, Mazda 626, БМВ Х1, Lexus RX350 жана Nissan Micra автоунааларына ээлик кылат.

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Төрага жана анын эки орун басары гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон.

P.S.: Депутаттар материалда көрсөтүлгөн баалар боюнча макул эмес болсо, Sputnik Кыргызстан алардын пикири үчүн ачык.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0