Жөн кетпей унааны тээп өткөн мотоциклист "жазасын" алды. Күлкүлүү видео

Жазылуу
Калифорнияда жолдо жүрүп бара жаткан унааны жөн жерден тээп өткөн мотоциклист жерге кулап түштү.

Унаанын видеокаттагычындагы кадр Viral Hog YouТube-каналына жүктөлгөн.

Почему нельзя говорить по телефону за рулем — поучительное видео - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн рулда баратканда телефон менен сүйлөшпөш керек. Сабак болчу видео
Роликтен мотоциклист MINI Cooper унаасынын оң жактагы күзгүсүн тээп өткөнүн көрүүгө болот. Андан кийин мотоциклин башкара албай жерге кулаган. Анткен менен кайра жолун улап кеткен.

Ал арада MINI Cooper унаасынын айдоочусу башка тилкеге өтүп, мотоциклдин аркасынан түшкөн.

Байкер мындай кадамга эмнеге барганы жана окуя эмне менен бүткөнү белгисиз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0