Жан койбойт го... Хабиб менен Порьенин беттешке даярданган учуру видеодо

Жазылуу
UFC россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык спортчу Дастин Порьенин беттешине карата ролик (превью) чыгарды.

Видео UFC Russia уюмунун YouТube каналына жарыяланган.

Белгилей кетсек, эки мушкердин беттеши 7-сентябрь күнү Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринин алкагында өтөт. Бул кармаш кеченин башкы окуясы болуп калмакчы.

Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко ага чакырык таштаган эркек мушкер Сехудону "утуп алды". Видео
Нурмагомедов мында UFC уюмунун чемпиондук курун экинчи ирет коргойт. 2018-жылдын октябрында Конор Макгрегор менен беттешкенден кийинки чатактан бери биринчи жолу октагонго чыгууда.

Ал эми Порье акыркы жолу Макс Холлоуэйди жеңип, уюмдун утурумдук чемпиону болгон. Ошондон бери ал Нурмагомедов менен беттешчү расмий атаандаш эле.

Эки мушкердин көз караштар таймашы да кандай өткөнүн көрүп коюңуз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0