Атамбаевди түрмөгө киргизген жол. Кой-Таштан абакка чейинки видео

Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы боюнча кырдаалды баштан-аяк сунуштайбыз.

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Соттун көчмө жыйыны 4-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында жабык өттү.

Мурунку президенттин адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев эч кандай суроолорго жооп бербей жатат. Мындай кадамы менен ал мыйзамсыздыкка каршылыгын билдирүүдө. Жактоочулар Атамбаевди экс-президент макамынан мыйзамсыз түрдө ажыратышканын айтууда.

Атамбаевдин камалышы

Возбуждение уголовных дел в КР - Sputnik Кыргызстан
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөө аяктады
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында үч жолу суракка чакырылган. Мурунку президент үчөөнө тең барган эмес. 7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө чабуул койгон. Бирок мурдагы президенттин тарапташтары күч түзүмдөрүнүн мизин кайтарган. Эртеси, 8-августта, түштөн кийин ИИМ үйүн курчоого алган. Натыйжада мурдагы президент багынып берген болчу. Аны менен кошо бир нече тарапташы камалды.

Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан 139 киши түрдүү жаракат алып, спецназдын бир кызматкери окко учкан. Башына таш тийген Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда дарыланып жатат.

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Кийин анын камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.

Бүгүнкү күндө Атамбаев 14 кылмыш иши боюнча айыпталып, тергөө жүрүп жатат.

Экс-президент макамынан ажырашы

Судебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Камактагы Атамбаев УКМК терезесинен тарапташтарына кол булгалады. Видео, сүрөт
13-июнда парламент атайын комиссия түзүп, Атамбаевдин алты кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген корутунду чыгарган. Жогорку Кеңеш 20-июнда ал чечимди жактырып, Башкы прокуратурага жөнөткөн. Ал эми 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов беш иш боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар экенин билдирип чыкты. Андан эки күн өтүп парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Муну менен ал кол тийбестигинен да кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0