Сиңдисинин тоюна "динозавр" болуп келген кыз конокторду таң калтырды. Видео

Жазылуу
Тойдун алдында өтө арыктап кетип, мурда алган көйнөгү чоң келип калган.

АКШда сиңдисинин тоюна динозаврдын формасын кийип келген кыз конокторду таң калтырды. Тойдо тартылган видео Facebook тармагына жарыяланды.

Невеста в свадебном платье - Sputnik Кыргызстан
Ашынып кетти! Тойдо келинине окшоп кийинген кайнене соцтармактан жеме укту
Кадрдан "динозавр" кыз үйдүн ичинен гүл кармап чыгып, эч нерсе болбогондой эле күйөө баланын досу менен кол кармашып салтанат өтүп жаткан жайга барган.

Кийинчерээк ал келиндин эжеси Кристина Мидор экени белгилүү болду. Кеченин күнөөкөрү ага каалагандай кийинип келишине уруксат бергенин айткан. Мындан улам ал өзгөчө костюму менен конокторго жакшы маанай тартуулагысы келген. Дагы бир себеби катары тойдун алдында өтө арыктап кетип, мурда алган көйнөгү чоң келип калганын атаган. Мындан улам бир күнгө кийүү үчүн башкасын алууга акчасы жетпей, сиңдисинин макулдугу менен динозаврдын формасын сатып алган.

Муну коноктордун баары эле тамаша катары кабыл алган жок, эки жашты сыйлабагандык катары сыпаттагандар да болду.

Аягында колуктунун эжеси өзгөчө кийимин чечкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0