Бишкекте кампадан 70 млн. сомдук мыйзамсыз товар табылды. Видео

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектен баасы 70 миллион сомго бааланган тамеки сакталган кампаларды тапты.

1-сентябрь күнү күч структураларынын кызматкерлери А.И. аттуу киши башкарып бараткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Унаанын ичинен акциздик маркасы жок 79 коробкага салынган тамеки табылган. Товар Кыргызстандын А.Б. аттуу башка жаранына таандык экени белгилүү болгон.

Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөгө мыйзамсыз товар ташыгандарды көргөндөр үчүн тынымсыз байланыш ишке кирди
Мындан улам борбор калаадагы кампалар текшерүүгө алынган. Натыйжада беш миң коробка (ар биринде 500 пачка тамеки болгон) табылган. Алардын дагы акциздик маркалары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча товардын баасы 70 миллион сомду (миллион доллардан ашык) түзөт. Ал эми бюджетке 24 миллион сом салык түшпөй калган.

УКМКнын берген маалыматына караганда, товардын ээси 2017-жылдан бери Бажы, Салык кызматтары жана Финполициянын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып тамекилерди жакынкы чет мамлекеттерге сатып турган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси ("Кылмыштуу жол менен тапкан акчаны адалдаштыруу") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Товардын ээсине издөө жарыяланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0