Жаалданган бука тосмолордон секирип өтүп, элди аралап кетти. Видео

Жазылуу
Натыйжада 19 киши жабыркаган.

Как выглядит самый маленький бык в мире - Sputnik Кыргызстан
Иттей эле экен. Гиннеске кирген дүйнөдөгү эң кичине буканын видеосу
Окуя 1-сентябрда Испаниянын Жирона провинциясында коррида майрамы учурунда болгон. Видео белгилүү Viral Press YouTube каналында жарыяланган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, бука курчалган эки тосмодон секирип өтүп, эл отурган трибунаны аралап кеткен. Жүрөгү түшкөн көрүүчүлөр кыйкырып, ар тарапка качышкан. 

Натыйжада кырсыктан 19 киши жабыркап, анын төртөө ооруканага жаткырылган.

Окуяны аймактык бийлик иликтеп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0