Кубанган, кыйкырган өзбекстандыктар. Ташкенттеги салюттун видеосу

Жазылуу
Ташкентте Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдык салтанаты борбордук аянтта майрамдык салют атуу менен жыйынтыкталды.

Праздничный салют в честь празднования Дня независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Керемет! Бишкектеги майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү
Бул жылы майрамга арналган иш-чаралар төрт күнгө уланды. 31-августта Форумдардын эл аралык сарайында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чогулган элди куттуктады. 1-сентябрь эгемендүүлүк күнүндө эстрада жылдыздары, бий топтору жана театрдын артисттери шаардыктар үчүн концерт тартуулады.

Бул күнү Ташкенттин бардык райондорунда майрамдык салтанаттар уюштурулуп, кечинде асманга көз жоосун алган салют атылды.

Өзбекстан 1991-жылы Кыргызстанга удаа эле, 1-сентябрда көз карандысыз мамлекет макамына ээ болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0