Лукашенко кымча бел кыздар менен дарбыздын түшүмүн жыйнады. Видео

Жазылуу
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Эгемендүүлүк сарайындагы иш-чарадан кийин талаага чыккан.

Лукашенкого маалымат катчысы Наталья Эйсмонт жана ишмердик протокол кызматында иштеген кыздар жардам берди.

Видеону Sputnik Белоруссия сайты жарыялады.

Президентке таандык талаада бир нече жылдан бери мөмө-жемиш, жашылча өсөт. Быйыл аба ырайынан анчейин жагымдуу болбогонуна карабай Лукашенко жардам берген кыздар менен 20 тонна дарбыз чогултту.

Жаңылыктар түрмөгү
0