Италиянын туристтер эс алып жүргөн аралында жанар тоо атылды. Видео

Жазылуу
Бул жанар тоо 20 миң жылдан бери маал-маалы менен атылып келет.

Стромболи жанар тоосу 29-августта кечке жуук атылды. Ал Тиррен деңизиндеги Стромболи аралында жайгашкан.

Проснулся самый высокий действующий вулкан в Европе — видео - Sputnik Кыргызстан
Европадагы эң бийик жанар тоо козголду. Видео
Жанар тоо 28-августта кыймылга келип, бир күндөн кийин жарылган. Аны жергиликтүү тургундар менен туристтер видеого тартып алышкан. Алардын айтымында, асманды кара түтүн каптап, кум-шагылдар асманга атылган.

Жаратылыш кубулушунан жаракат алгандар же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Абал тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө. Учурда Стромболи аралында үч миңдей турист эс алып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0