Баланы менчик бакчага жарым акчасына кантип киргизет. Өкмөттүн видео түшүндүрмөсү

Жазылуу
Учурда билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан программаны жеткиликтүү кылып, калкты көбүрөөк тартуу үчүн каржылоо механизмин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Өкмөт менчик бала бакчага бөбөктү жеңилдетүү жолу менен киргизүү долбоору боюнча видеотүшүндүрмө жарыялады.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балаңыздын бакчасына канча бөбөк ашыкча барарын билесизби? Бишкектеги жагдай
Эске салсак, буга чейин өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бакчага барган балдары үчүн акынын 50 пайызын төлөп бере тургандыгын кабарлаган. Башкача айтканда, бул Бишкек шаарында пилоттук режимде текшерип көрүү үчүн жасалган социалдык программа.

Видеодо аталган долбоордун кызматын кимдер кантип колдоно ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин аталган социалдык долбоордун кызматынан колдоно алчулардын тизмесин да жарыялаган. Алар:

— Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп баласы бар);

— Аз камсыз үй-бүлө;

— Баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон бүлө;

— Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо;

— Ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо.

Мындан сырткары, керектүү документ, шарт-талабын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине толугу менен түшүндүрүп берген.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, баа саясатын аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөн.

"Бишкек шаары боюнча 2014-жылдан 2019-жылга чейин лицензия алган 73 жеке менчик бала бакча тууралуу маалымат топтолду. Алардын ичинен тогуз бакчада бир бөбөккө нарк 3500дөн 6000 сомго чейин болсо, 22 бала бакчанын баасы 6000ден 8000 сомго чейин, ал эми 42 бакчада бир балага төлөм 8000ден 10000 сомго чейин жетет", — деп жазылат маалыматта.

Долбоорго катышып жаткан бакчалардын ичинен тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар, талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн тогузу тандап алынган. Атайын комиссия карап, алардын тизмесин да жарыялаган:

— "Капелька счастья" бакчасы. Дареги: Дэн Сяопин көчөсү, 551;

— "Бекхан" бакчасы. Дареги: Токмок көчөсү, 65;

— "Карлсон" бакчасы. Дареги: Восточная көчөсү, 64;

— "Балдар ааламы" бакчасы. Дареги: Лев Толстой көчөсү, 97а;

— Герман Гмайнер окуу-тарбиялык комплексинин SOS мекемеси. Дареги: Токтоналиев көчөсү,137а;

— "Кенгурёнок" мектепке чейин окуу жана тарбия борбору. Дареги: Бакаев көчөсү, 141;

— "Нур-Бала" бала бакчасы. Дареги: 7-кичирайон, 23/4а үйү;

— "В гостях у Пеппи длинный чулок" бала бакчасы. Дареги: Осипенко көчөсү, 38;

— "Слонёнок" ЖЧКсы. Дареги: Армейская көчөсү, 10-үй, 3-батир.

"Бул тизмеден тышкары ар бир ата-эне өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот. Бакчалар жалпы 300 орун берген. Учурда жарандардан каалаган жеке бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда", — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт коопсуздугу боюнча тескөөчүсү Мирлан Кылычбеков  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кылычбеков: мектеп жана бала бакчаларга 240 миң сом айып салынды
Учурда билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан программаны жеткиликтүү кылып, калкты көбүрөөк тартуу үчүн каржылоо механизмин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Өкмөттүн маалымат кызматы Бишкек шаарында сынамык мезгили аяктагандан кийин 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0