ЖМК: Чымкентте адам органдарын көчөгө алып чыгып өрттөштү. Видео

Жазылуу
Медициналык калдыктарды компания өзүнүн атайын мешинде жок кылышы керек болчу.

Чымкенттеги жеке компания адамдын органдарын жана медициналык калдыктарды көчөдө өрттөгөнүн "Астана" телеканалы билдирди.

Медициналык калдыктарды жок кылуу менен "Эколайф Астана" бирикмеси иш алып барганы айтылат.

"Колдонулган ийне, ампуладан тышкары, экологдордун айтымында, адамдын органдары салынган желим бөтөлкөлөр табылган. Компания медициналык калдыктарды өзүнүн атайын мешинде жок кылышы керек болчу. Бирок уулуу затты башкалардын объектисинде өрттөштү. Кээ бирлерин ачык жерлерде эле жок кылышты. Өндүрүш аймактагы көчөлөрдүн биринде медициналык калдыктарды жок кылып жаткан кызматкер кармалды. Ал жакка укук коргоо органдары чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча "Эколайф Астана" бирикмеси административдик жоопкерчиликке тартылары айтылат. Айып пул 150 миңден ашыгыраак теңгени түзөт. Компаниянын юристи экологдордун пикирине макул эмес экенин айтты. Полиция "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча иш козгосо, экологдор компаниянын мындай иш менен алектенүүсүнө тыюу салууну өтүнүп сотко кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0