Иттей эле экен. Гиннеске кирген дүйнөдөгү эң кичине буканын видеосу

Жазылуу
Бул буканын көлөмү иттер менен эле тең. Жаныбар жакында эле Гиннесттин рекорддор китебине кирди.

Өркөчтүү топоздордун тукумундагы бука Американын Айова штатын байырлайт. Жада калса ал өзүнүн тукумундагы букалардан да кичине. Боюнун бийиктиги 67,6 сантиметр. Андан мурда Гиннестин рекорддор китебине кирген буканын боюнан төрт сантиметрге төмөн болду.

Буканын каймана аты Хамфри. Ээси 2017-жылы торпок деп ойлоп сатып алганын айткан. Башында кичинкей өгүз Гиннестин рекорддор китебине кирерин эч ким ойлогон эмес.

Хамфри өзүн тукумундагылардан да бир топко кичине. Мындай өркөчтүү топоздордун бою 91 сантиметрден 96га чейин жетет. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0