Бишкекте дүкөндү тоноо аракети болду. Күлкү келтирген видео

Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы дүкөндөрдүн бирин тоноого аракет кылган уурулардын видеосун Facebook баракчасына жарыялады.

ШИИБдин маалыматына ылайык, бет кап кийген куралчан уурулар дүкөндү тоноого аракет кылышкан. Алар сатуучуга келип акча талап этишкен. Бирок аял "эч нерсе бере албайм" десе, "макул" деген бойдон кетип калышкан.

Видеодон шектүүлөрдүн бири дүкөнгө кирип, бир саамдан кийин кайра эле чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кылмышка шектелип 20 жаштагы эки жигит колго түшүрүлдү. Алар соттун чечими менен эки айга камалганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0