11:24 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Видео

Атаандашын сүзгүлөп, сес көрсөттү! "Тайсон" Келдибековдун беттеш алдындагы видеосу

Кыскача шилтеме алуу
6144 0 0

Мушкер бүгүн Чолпон-Атадагы турнирде чемпиондук наам үчүн кармашат.

"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Ысык-Көлдө өтө турчу AIKOL FC 7 турниринин алдында каршылашы менен көрүштү. Мушкерлердин көз караштар таймашынын видеосу интернетке тарады.

Мелдеш бүгүн, 17-августта, Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт. Турнирдин башкы беттешинде Канат Келдибеков 66 килограмм салмакта чемпиондук наам үчүн кармашат. Атаандашы россиялык Михаил Диктеров болмокчу.

Жалпысынан AIKOL FC 7 турниринде 12 беттеш өтөт. Анда кыргыз спортчулары казакстандык жана россиялык мушкерлер менен беттешет.

"Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер Канат Клдибеков өлкөдөгү 66 килограмм салмактагы мушкерлердин сап башында. Муну ал WEF Grand Prix турниринде далилдеген. Анда уюштуруучулар бир турнирде 66 килограмм категориядагы алдыңкы спортчуларды топтоп, 8/1 финалдан тарта күч сынаштырган. Натыйжада Тайсон төрт мушкерди утуп, чемпион болгон.

Ал эми былтыр беделдүү делген россиялык "Ахмат" лигасынын алкагында чеченстандык ММА жылдызы Агшин Бабаевди муунтуу ыкмасы менен утуп, зоболосу бийиктеген. Ошондон кийин "Ахмат" лигасы менен келишим түзгөн. Мушкер Орто Азиядагы жана россиялык бир топ уюмдарда күч сынашып келет. ММА боюнча 12 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Sputnik мушкердин үй-бүлөсү тууралуу видео тарткан.

Тема боюнча

Алтынга аз калганда... Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш алды
КР дзюдочулары дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Японияда машыгууда
Белгилер:
беттешүү, мушкер, Канат Келдибеков, Ысык-Көл облусу

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ