Буту жок төрөлгөн казакстандык Али атактуу футболчу Салах менен ойноду. Видео

Жазылуу
Казакстандык өспүрүм Али Турганбеков белгилүү футболчу Мохаммед Салах менен топ ойноп, андан тышкары, Диего Марадона, Лионель Месси өңдүү атактуулар менен көрүшкөн.

Селкинчек, отургуч, эшик жасашат. Ширетүү цехин иштеткен майыптардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Селкинчек, отургуч, эшик жасашат. Ширетүү цехин иштеткен майыптардын видеосу
Sputnik Казакстан жазгандай, Али Европа футбол ассоциациясынын (УЕФА) суперкубогунун алдында "Ливерпуль" жана "Челси" командаларынын машыгуусуна катышып, Мохаммед Салах жана башка спортчулар менен футбол ойногон.

Мындан тышкары, атактуу оюнчулар Диего Марадона жана Лионель Месси менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк болгон.

Али Турганбеков 11 жашта, тубаса буттары жок. Ал Талдыкоргондо төрөлүп, ата-энеси ден соолугуна байланыштуу Астанага көчүп келишкен. Өспүрүм 7 жашында Андрей Малаховдун программасына катышып, мотивациялык оратор Ник Вуйчич менен жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0