Эмомали Рахмон 90-жылдары ага болгон кол салуу тууралуу айтып берди. Видео

Жазылуу
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон саясий карьерасынын алгачкы жылдары тууралуу айтып берди.

Рахмон Бальджуван аймагына барганда жергиликтүү тургундар ага президенттикке киришкен алгачкы жылдары тартылган сүрөтүн белек кылышты.

Сүрөттө жаш Рахмон керебеттин жанында отурганын көрүүгө болот.

Президент мындай белекке абдан таасирленип, 1997-жылы өзүнө болгон кол салуу тууралуу айтып берди.

"Дээрлик төрт жыл дал ушул чакан бөлмөдө жашадым. Ал жакта керебет, кресло жана жуунгуч гана бар болчу. Бул жерде мага бир нече жолу кол салуу болгон. Тарыхка айланган учурду эске салганыңар үчүн рахмат", — деди Рахмон.

Тажикстандан президенти ага алты ирет кол салуу болгонун белгиледи. Алардын бири Камол Худжанд атындагы театрдын жанынан болгон. Рахмон ошол кол салуудан бутуна алган жаракатынын тагы азыркыга чейин бар экенин айтты. Ошол маалда Тажикстанга тынчтык алып келем деп өзүнө сөз берген.

Краткосрочный рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в город Исфару - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Рахмон экөө чек арадагы эл менен кантип жолукту. Сүрөт-репортаж
"Биз улут катары жоголуп кетишибиз мүмкүн эле. Ошонун баарын ишке ашырууга кызыкдар болгон кишилер бар болчу. Андыктан мен ошол маалда тынчтыкка чакыруу максатында Кабулга сүйлөшүүгө баргам. Бүгүн ээ болгон нерсебизди тажик калкы ыраазычылык менен кабыл алат деп ойлойм", — деди ал.

Эмомали Рахмонго алгачкы кол салуу 1997-жылы 30-апрелде болгон. Худжанд аймагындагы жергиликтүү университеттин 65 жылдыгын майрамдоо учурунда граната жарылып, Рахмон жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0