Опумбаев операциянын планын Атамбаевге кимдер жеткирип турганын айтты. Видео

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо планы анын штабына заматта жетип турганын билдирди. Мындан улам кокусунан чабуул жасоо чечими кабыл алынган.

Опумбаев маалымат жыйын учурунда УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери Атамбаевдин штабына маалымат ташып акча алып турганын белгиледи.

"Күч колдонуу менен алып келүү боюнча беш вариант иштелип чыккан. Биз анын эң оптималдуу, эң реалдуу вариантын колдондук. Биздин бардык аракеттерибизди Сегизбаевдин жана Исраиловдун мурунку жана азыркы кызматкерлери жеткирип, штабдан акча алып турушкан. Мындан улам кокусунан иш жасоо керек болгон, урматтуу достор. Мурдагы көп кесиптештерим "шалаакы, корголбогон операция болду" деп жатышат. Дагы бир жолу айтам, биздин ар бир аракетибиз жарым сааттын ичинде Атамбаевдин штабына жетип турган. Анан ал дароо тегерегине 400-500 адамды топтой калчу", — деди Опумбаев.

Ал ошондой эле Атамбаев көбүнчө жаш балдарды, аялдарды жана улгайган адамдарды чогултуп, кан төгүү менен бийликти айыптап, мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландаганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0