Жунушалиев: Атамбаев менен биринчи өзүм сүйлөшкөндө чыкпай койгон. Видео

Жазылуу
Ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына 1300 милиция кызматкери катышканын билдирди. Ал мурдагы президент менен өзү сүйлөшүп, багынып бербесе күч колдонорун эскерткенин белгиледи.

Жунушалиевдин айтымында, 8-август күнү Атамбаев элди саат 16.00дө "Форумга" чакырып, атайын пландарды түзүп, бийликти басып алууга жана шаарды тоноого аракет жасаган. Мындан улам алардын мыйзам бузуусун токтотуу жана коомдук тартипти ордуна келтирүү үчүн ИИМдин атайын даярдыктагы аскерлери менен операция жүргүзүү чечими кабыл алынган.

"Атамбаевдин тарапташтары жолдон ташбараңга алып, унааларга өрт коюп катуу каршылык көрсөтүштү. Болжол менен эки саатта тарапташтарын кууп, Атамбаевдин үйүнө кирип, эки жолу сүйлөшүү жүргүздүк. Биринчи сүйлөшүүнү өзүм жүргүзүп жатканда ичинде Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева жана жансакчылары болгон. Жолдубаева "Кашкар байке, биз чыкпайбыз, колго түшпөйбүз" деп жатты. Акырында күч колдонобуз, көздөн жаш агыза турган газдарды пайдаланабыз дегенден кийин колго түшүп берүүгө мажбур болушту", — деди министр.

Ошондой эле ал эгер Атамбаев укук коргоо органдары чакырганда мыйзамды сыйлаган жаран катары өз эрки менен келгенде мындай окуя болмок эместигин кошумчалады.

Кой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Атамбаевдин кармалышынан кийинки ызы-чууда азыркы жана экс-депутаттар жүрдү
Буга чейин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн видеосу жарыяланган. Мындан сырткары, Асанов үйдүн ичиндеги көп сандаган курал-жарактарды да өткөрүп алган.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Алты аскер 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0