"Учкан" тизелер, талкаланган мурундар... Шевченко катышкан турнирдин видео топтому

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюмунун YouTube-каналына Валентина Шевченко катышкан Уругвайдагы UFC турниринин эң кызыктуу учурлары жүктөлдү.

Уюмдун 57 килограмм салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, калыстардын бирдей чечими (50:45, 50:45, 50:45) менен жеңишке жетти. Муну менен Шевченко чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калды.

Турнирдеги оозду ачырган учуру мушкер Майкл Перринин Висенте Люке менен беттешип жатып, мурдун талкалап алганы болду. Социалдык тармакта анын сүрөтү желдей тарап, талкууга алынууда. Жада калса анын сүрөтүн UFC президенти Дана Уайт да бөлүштү.

​Ошондой мелдештеги эсте калган кармаштардын бири - мушкер кыздар Полиана Виана менен Вероника Маседонуку болду. Маседо атаандашынын колун кайруу ыкмасы менен утуп алды. Бул үчүн ал кошумча гонорарга ээ болгон. Андан сырткары, спортчу Илир Латифи атаандашы Волкан Оздемирди башы менен ылдый көтөрүп чаап, таң калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0