Бишкектин тургундары "Слоники" аянтчасын талашып мушташа кетишти. Видео

Жазылуу
Аянтчаны куруу ишиндеги пикир келишпестик үч жылдан бери уланып келет.

Бишкектеги Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн жашоочулары "Слоники" балдар бакчасынын аянтчасы үчүн мушташып кеткен "Аякс" күзөт агенттигинин кызматкерлерине арыз жазды. Бул туурасында активист Адилет Асанкожоев билдирди.

Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
Балдар жана спорттук аянтча турган жерде "Онурхан" жана TS Group компаниясы көп кабаттуу үй куруу ниетинде. Ал райондогу жалгыз спорттук аянтча болгондуктан жергиликтүү тургундар курулуш ишине каршы чыгышууда.

Августтун башында куруучулар аймакты коргоп, ал жакка күзөтчүлөрдү коюшкан. Өткөн жума күнү тургундар менен күзөтчүлөрдүн ортосунда мушташ чыккан. Интернетте күзөтчүнүн бири активистти сабап, андан ары чатакка дагы башка кишилер кошулган видео тараган.

"Беш киши күзөт агенттигинин кызматкерлерине арыз жазды. Биз өзүбүздүн укугубуз үчүн бек турабыз", — деди Асанкожоев.

Интернет колдонуучулар күзөтчүнүн жоругуна нааразы пикир калтырып, аларды жазалоо керектигин айтышкан. "Аякс" агенттиги үн катуудан баш тартты.

Аянтчаны куруу ишиндеги пикир келишпестик үч жылдан бери уланып келет. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы курулушка уруксат берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0