Кой-Таштагы жаалданган элдин ичинен уулун таппай... Жүрөк тилген видеорепортаж

Жазылуу
Бул макалада Кой-Таш айылынын үч тургуну тууралуу баяндалат. Алар атайын бөлүктөн да, өз айылдаштарынан да жабыркагандардын өмүрүн сактоого жан үрөштү. Окуянын дал чордонунда алардын жакын туугандары да бар эле, бирок медиктер ишин таштап кете алышкан эмес...

Кой-Таш айылынын Тез жардам бригадасы биринчи күнү Атамбаевди кармоо аракетинен майнап чыкпай калгандан кийин жабыркагандардын өмүрүн сактоого күч жумшашты. Фельдшер, айдоочу жана медайым үчөө тең ошол айылда жашап, эмгектенишет. Жаракат алгандардын дээрлик бардыгын атынан билет.

Тез жардам бригадасынын ар бир мүчөсүнүн жакындары окуянын чордонунда жүрүштү. Медайым Бурул Теңизбаева иш убагында көз жашын тыя албай жатты. Анын уулу да жаракат алган... Андан ары эмне болгонун эч ким билбейт.

"Башаламандык башталганда уулум Атамбаевдин үйүндө экен, жаракат алганын билем. Андан кийин эмне болду кабар ала албадым... Кесиптештеримден сурасам, ар кимиси ар башкача айтат. Бири ооруканага жеткирилгенин айтса, башкасы бетинен жаракат алыптыр дейт. Ишимди таштап коюп, баламды издеп кете албайм. Жапа чеккендерге медиктердин көмөгү керек. Көп киши жабыркады", — дейт медайым.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атышуудан кийинки Кой-Таш. Талкаланган имарат, канжалаган аскерлердин сүрөтү
Врачтардын ишин бөгөт посттордун көптүгү татаалдаштырды. Милиция дагы, жергиликтүү тургундар да өтүүгө өтө кыйын болгон тосмолорду орнотушкан. Жолго бетон тосмолорду ташташкан, айрым жерлерде бактарды кулатышкан. Ар бир тосмодон өткөн сайын ал жердеги адамдар машинаны текшерип жатышты.

Бөгөт посттон тез өтүү үчүн медайым машинанын терезесинен жоолугун булгалайт, ал эми айдоочу үн күчөткүч менен "Кой-Таштын тез жардамы! Жол ачкыла" деп өз кишилер экенин кабарлап турушту.

— Ок жаңырып жатат! Ошол тарапка айда, — деп буюрду айдоочуга медайым.

Тез жардам унаасы жаракат алып жерде жаткан кишинин тушуна токтоду. Медайым ага жардам көрсөтүп, кан басымын, тамырын кармап, шамдагайлык менен жараатын тазалады.

— Ооруканага барганыңыз оң, — деп кеңеш берди Бурул эже.

— Жок, рахмат, азыр бир аз эс алып, анан кетем, — деп койду ал киши.

Тез жардам бригадасынын фельдшери Гүлмира Шабданалиева жаракат алгандар Бишкектеги ооруканага жатууга көнбөй жатышканын мындайча болжоду.

"Шаарда аларды камап коюшат деп чочулашууда. Жеринде жардам көрсөттүк, колубуздан келгени ушул. Тез жардам шаардык ооруканаларга оор абалдагыларды гана алып кетип жатат", — деп түшүндүрдү адис.

Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу
Гүлмира айым окуя болгон жерде жолдошу жүргөнүн айтат. Айылда башаламандыктар башталганда үйгө отура албаптыр.

Жарадар болгондорго тезирээк жетүү үчүн тез жардам унаасы Кой-Таштын эң начар жолдору менен айланып барууга аргасыз болду. Бирок мурдагы президенттин үйү бардык тарабынан тосулган экен. Жабыр тарткандар отурган пункттун жанында токтоп, жардам көрсөткөн соң күч органдарынан бирөө бригадага чуркап келди.

— Тезирээк, жардам бериңиздер, эки аскер жарадар. Сураныч, тезинен аларды бул жактан чыгарып кетиш керек, — деп туталана өтүндү ал.

Атайын бөлүктүн эки кызматкерин тез жардамдын ичине салышты, бирок жаалданган топ аскерлерди чыгаргысы келбеди. Жабыр тарткандарды жулкулдата кыйнап салары толук ыктымал эле.

— Формаңарды чечкиле! — деп буюрду медайым аларга, — Силерди шейшеп менен жаап, жергиликтүү балдар деп чыгарып кетебиз. Милиция пунктуна чейин жеткиребиз, алар силерди ооруканага алып барышат.

Жигиттер канга боёлгон формаларын чечип, ич кийимчен гана калышты. Фельдшер алардын абалын текшерип, жамынууга шейшеп берди. Айдоочу кырдаалды түшүнгөндүктөн, жарандык тосмолорду дээрлик жарып өтүп жатты.

Медиктерди чыңалган жагдай гана эмес, унаа да кыйноого салды. Автомобиль улам өчүп калат же туруп-туруп эле от албайт. Эскилиги жеткен машинаны жолдо баратып оңдоп жатышкандай эле болушту. Анан бензин түгөндү таптакыр... Адыл айдоочу май куюучу жай менен сүйлөшүп, карызга куйдуруп алды.

— Рахмат! — деп Адыл катуу үн салган боюнча унааны кыштакты карай зуулдата айдап жөнөдү.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеп, ооруканага жеткирилди
Тез жардамдын суусу да түтпөй, жолдо биротоло түгөндү. Биринчи эле тамдын жанына токтоп, үй тургундарынан атайын идишине суу сурап куйдуруп алып, андан ары жөнөштү.

Бурул эженин кесиптештери Атамбаевдин үйүндө атайын бөлүктүн жараланган бир нече кызматкери туткунга алынганын кабарлашты. Тайманбас медайым мурдагы президенттин үйүндөгү кишилерди тез жардам бригадасын ичке киргизүүгө көндүрдү. Жапа чеккендердин абалын текшерип чыгуу зарыл эле.

Экинчи кабаттагы өзүнчө бөлмөдө атайын бөлүктүн жараланган бир нече аскери отуруптур. Фельдшер менен медайым аларга көмөк көрсөттү.

— Булардын абалы оор. Ооруканага жеткирүү керек, — деди медайым Бурул эже.

Медиктерге алгачкы жардам көрсөтүүгө гана уруксат беришти. Медайым менен фельдшер жабырлангандардын абалын текшергенче айдоочусу жок. Көрсө, анын бир тууган иниси да окуянын чордонунда экен. Адыл мырзанын инисинин аман-эсен экенинен кабар алуу үчүн бир нече гана мүнөтү бар эле. Көп өтпөй кесиптештеринин бири Бурул эжеге анын уулу да аман экенин кабарлады. Баланын жараатын тигишиптир, ооруканадан өзү кетиптир. Тез жардам андан ары да адамдардын өмүрүн сактап калууга ашыга жөнөдү...

Кой-Таштан бир нече гана сааттын ичинде ооруканаларга 52 киши жеткирилди. Дагы ондогон жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0