Алмазбек Атамбаевдин ИИМдин имаратына алынып келген видеосу

Жазылуу
ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаевди кармоо операциясын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү жетектеген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин имаратына алынып келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Атамбаевди кеңешчиси Кундуз Жолдубаева коштоп жүрөт.

Видеодон көрүнгөндөй, Атамбаевди милициянын автоунаасы коштоп келген. ИИМдин имаратына алгач милициянын автоунаасы, андан кийин Атамбаев отурат деген машина кирип кеткен. Андан сырткары, 3-4 машина да кирди.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Милиция Кой-Ташта чогулгандарды күч менен таркатууда
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, операцияны ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү жетектеген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0