Өрт, октун үнү. Атамбаевдин үйүнүн жанындагы ызы-чуунун видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жана күбө Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяны видеого тартып алган.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеп, ооруканага жеткирилди
Кадрдан милиционерлердин жоон тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн көздөй бет алганын көрүүгө болот. Андан кийин үйдүн ичинде укук коргоо органдары менен Атамбаевдин тарапташтарынын атышып жатканы көрүнөт. Короосунда өрттүн жалыны да байкалат.

Бүгүн, 8-августта, саат 19:00дөр чамасында Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетишти.

Буга чейин Башкы прокуратура 7-августта болгон окуя боюнча бир нече кылмыш ишин козгогон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0