Спецназ Кой-Ташка барчу жолду бууду. Видео

Жазылуу
Милиция Кой-Ташка кетчү жолдун боюндагы мечиттин жанында турушат.

Спецназдын жоокерлери Кой-Ташка барчу жолду бууду. Окуянын видеосу YouTube каналына чыкты.

Видеодон форма кийген кишилерди көрүүгө болот. Автордун айтымында, милиция жол боюндагы мечиттин жанында турат.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчиси Кой-Ташка эмне себептен "Альфанын" жиберилгенин түшүндүрдү
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтарынын ортосунда кайтадан кагылышуу болгонун кабарчыбыз жеринен билдирди. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0