Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары спецназ жоокерине болушуп жатканын видеого тартып алган.

Кабарчыбыздын айтымында, мурдагы президентти кармоо операциясы оңунан чыкпай калгандан кийин Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы аскерлерди куралсыздандырышкан. Айрым кишилер жоокерлерди ур-тепкиге алууга аракет кылганда, кээси аларды токтотуп, аскерлерди коргоого алышкан.

"Спецназ аскерлеринин бирин эркектер тегеректеп алып, башкалардан коруду. Бошонгондон кийин ал сууну көздөй чуркады. Караңгы болгондуктан анын чуркап баратканы жакшы көрүнгөн жок. Эс-учун жоготкон экинчи аскерди алып келе жатышты. Анын денеси кан экен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери аны шаардагы ооруканага алып кетишти", — деди кабарчы.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
УКМК: каза болгон спецназ жоокеринин артында 4 баласы калды
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0