Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны кармоого барган спецназ жоокерлеринин мизин кайтарганын видеого тартып алган. Эл үйдүн ичине кирип, атайын даярдыктагы аскерлерди туткундап алышкан.

Атамбаевдин тарапташтары үйгө жакындап келип, дубалды кулатып, үйдүн короосуна кирүүгө аракет кылышты. Кабарчынын айтымында, тарапташтар үйдүн арт жагына келип, терезени талкалап кирип, куралчан эки киши экинчи кабатка көтөрүлгөн.

"Топтошкон кишилер үйгө кирип келип, ал жактагы 10го чукул спецназдын аскерлеринин курал-жарактарын алып сыртка чыгарышты. Айрымдары жаракат алышты. Эл аларга кол көтөрбөшү үчүн алардын камуфляжын чечишкен", — деп билдирди жеринде жүргөн кабарчы.

Белгилей кетсек, 7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, 45 киши түрдүү жаракаттарды алган. Акыркы маалымат боюнча, алган жараатынан бир жоокер ооруканада каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0