АКШны паанектеген журналист Элнура Молдокадырова такси айдап иштеп жүрөт. Видео

Жазылуу
2017-жылдын аягында жолдошу Ринат Самудинов менен АКШдан баш паанек алуу үчүн кеткен белгилүү журналист Элнура Молдокадырова ушул тапта ал жакта эмне иш кылып жатканын видеодон көрсөттү.

Молдокадырованын YouTube каналына жарыялаган видеолорунда учурда Uber компаниясында таксист болуп иштеп жатканын билдирген. Айтымында, ал кардарлары менен машинада түрдүү темада баарлашып, андан сырткары, АКШдагы жашоо, таксист болуп иштөөнүн артыкчылыктары менен кемчиликтерин жана эмнеге көңүл буруу керектиги тууралуу кеңештерди да берет.

Празднование Лунного Нового года в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Миграциянын кыргызстандык аялдарга тийгизген терс таасири айтылды
Ринат Самудинов менен Элнура Молдокадырова 2017-жылы октябрь айында Америка менен Мексиканын чек арасынан кармалган. Кийин алар Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келген иммигранттардын атайын жайында кармалып турган.

Жубайлар саясий кысымдан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Кийин аларга көптөгөн тааныштары жана башка кишилер жазып, байланышып, иммигранттар кармалып турган жайдагы шарттар тууралуу сурашкан. Андыктан, түгөйлөр 8 ай бою кармалып турган жай тууралуу видео кайрылуудан айтып берүүнү эп көрүшкөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0