Сулата тээп... 4 секундада атаандашын нокаутка кетирген мушкердин видеосу

Жазылуу
Америкалык мушкер Шон Дюкре аралаш мушташ турнириндеги эң кыска нокауттардын бирин аткарды. Беттештин видеосу Facebook баракчасына жарыяланган.

Fury Fighting Championship 34 мелдешинде америкалык мушкер "учкан тизе" деп аталган ыкма менен атаандашын төрт секундада нокаутка кетирген.

Социалдык тармактарда анын соккусуна суктангандардын саны артып, жада калса Дюкрени UFC мушкерлери баалап өткөн.

Өткөн жумада ушундай эле "учкан тизе" ыкмасы менен ММА мушкери Аалон Круз "Дана Уайтка талапкерлер" шоусунда каршылашы Стивен Нгуенага оор сокку узатып, UFC уюму менен келишим түзүүгө жетишкен. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0