Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу

Жазылуу
Рио-де-Жанейродо жергиликтүү наркотөбөл түрмөдөн качуу үчүн кызына окшоп кийинип алып из жашырууга аракет кылды.

The Guardian басылмасынын жазышынча, Клаувино да Сильва ага жолугуу үчүн абакка келген кызынын кийимин жана силикон беткапты кийип алып түрмөдөн качып чыгууга аракет кылган.

​Наркотөбөлдүн адаттан тыш тынчсыздануусу абактан качып чыгуу планын бузган. Полиция кызматкерлери өзүн аябай олдоксон алып жүргөн "кызга" көңүл бурушкан.

Укук коргоо органдары наркобарондун кызы атасына кантип жардам бергенин иликтешет.

Да Сильва Бразилиядагы "Кызыл тайпа" аттуу кылмыштуу топтордун биринин жетекчиси болгон. Алар 2005-жылдары Рио-де-Жанейронун эң кооптуу делген аймактарынын 53 пайызын бийлеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0