Кызыл жаян болгон мотоциклчи. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан.

Бишкек шаарынын Сухэ-Батор көчөсүндө мотоциклде бараткан адам жеңил автоунаа менен кагышканын күбө билдирди.

Окуя 1-августта саат 22:00дөр чамасында Sarya кафесинин алдында болгон. Күбөнүн айтымында, мотоциклист катуу ылдамдыкта келе жатып, эки машинанын ортосунан өтүүгө аракет кылган. Бирок рулду башкара албай, машинага барып бир тийген. Чынында окуя кандай болгону азырынча белгисиз, шаардык милиция жол кырсыгы боюнча толук маалымат бере элек.

Кырсык болгон жерге келген Тез жардам кызматы жабырлануучуга медициналык жардам берген, бирок ал ооруканага баруудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0