Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы сот аткаруучулардын аймактык кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусун пара алган жеринен кармады. Окуянын видеосу мекеменин YouTube сайтына жарыяланды.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Финпол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында, 23-июлда улук сот аткаруучу пара алган жеринен кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.