Салыкчы аял кызы экөө пара алууга шектелип кармалды. Видео

Жазылуу
Шектүү катары Салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы жана анын кызы колго түшүрүлгөн.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) маалымат катчылыгынын билдиргени боюнча, мекемеге 19-июль күнү жеке ишкер кайрылган. Ал Салык кызматынын өкүлү көптөн бери "бизнести тынч жүргүзүү" үчүн 200 миң сом талап кылып жүргөнүн айткан.

Маалыматка караганда, салыкчы "акчаны бербесең, текшерүүлөр көбөйүп, бизнесиң жок болуп кетет" деген таризде коркутууга алган.

Открытие майнингового центра в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды
Пара талап кылуу фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Арыз жазган ишкер аял ден соолугу начарлап кеткендиктен, Кант шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан. Шектүү дал ошол жерге 1800 доллар өлчөмүндөгү пара алганы келгенде кармалды.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп шектелүүчүнүн кызы дагы колго түшүрүлдү.

Видеодо Финполдун кызматкерлери шектүүлөрдү кармагандан кийин белги коюлган долларларды санап жатканы көрүнүп турат.

Кармалгандар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0